Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Бардык жерде күчөтүлгөн режим


Президент Роза Отунбаева бардык мамлекеттик мекемелерди өзгөчө режимде иштөөгө өткөрүү тууралуу директивага кол койду. Ага ылайык мамлекеттик күч органдары 11-августтан тарта күчөтүлгөн режимде иш алып барышат, стратегиялык маанилүү жайлар катуу кайтарууга алынат. Ош жана Жалал-Абад областтарында коомдук тартипти сактоо боюнча штабдар түзүлөт.

Директивада өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту бузууга аракет кылган чагымчы күчтөр, экстремисттик жана кылмыш топтору баш көтөрүп келатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатканы айтылат. Бул кырдаалды калк арасында дагы деле курал-жарактардын көп болуп атканы оорлотууда. Ошол себептүү коомдо бейпилдикти камсыз кылуу, шайлоо кампанияларына керектүү шарттарды түзүп берүү, улуттук коопсуздукка шек келтирген коркунучтарды жок кылуу максатында ушул директива чыкты.

Анда бардык мамлекеттик мекемелерге төмөнкүдөй талап коюлат:

11-август күнү таңкы саат 06:00дөн баштап бардык мамлекеттик мекемелер, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы, Каржы полициясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш болгон органдар күчөтүлгөн режимде иш алып барышат. Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак райондоруна өзгөчө көңүл бөлүнөт. Стратегиялык мааниге ээ жайлар катуу кайтарууга алынат.

Бардык мамлекеттик органдар күн сайын аткарган иштери тууралуу эртең мененки саат 10:00гө чейин президентке маалымат берип турушат.

Ош жана Жалал-Абад облустарында жана шаарларында коомдук тартипти сактоо боюнча атайын штабдар түзүлөт. Мурда өзгөчө абалды кармоо үчүн тартылган күчтөрдүн бардыгы аталган штабдарга өтөт. Ал эми министрликтер, облус жана райондордун администрациялары, шаар мэриялары күнү-түнү нөөмөт менен иштөөнү уюштурууга, бардык жерде оперативдүү маалыматтардын алынуусуна шарт түзүүгө милдеттендирилет. Каржы министрлиги аталган директиванын ишке ашуусу үчүн каражат маселесин чечет. Ал эми Башкы прокуратура жарандардын укуктарынын бузулбашы жаатында иш-чараларды уюштурат.

Аталган директива президенттин кийинки көрсөтмөлөрүнө чейин күчүндө сакталат.

XS
SM
MD
LG