Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

М. Токоев: Шайлоодо УТРКнын калыс иштешине жетишүүбүз керек


УТРКны коомдук сыналгы кылып кайра түзүү реформасы создугуп жатканы парламенттик шайлоонун алдында айрым тынчсызданууларга негиз болууда. "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев ушул тема боюнча "Азаттыктагы" маегинде ой-пикир бөлүштү.


- Коомчулукта эки президенттин тең тушунда ар дайым нааразы болгон тараптар мамлекеттик маалымат каражаттарына, өзгөчө УТРКга доомат кылып келишкен. Кандай ойлосуз, 7-апрелден кийин бул маалымат каражаттарын реформалоо боюнча каалоо байкалабы? Эмнеге УТРКны коомдук кылуу процессии токтолуп атат?

- Башында бийликке жаңы келгенде убада кылышкан эле сөз эркиндигине, өзгөчө ЖМКлардын реформалоо боюнча. Биринчи кезекте УТРКны коомдук кылуу боюнча демилгени колдоого алып атышты эле. Эми жаманбы, жакшыбы бул тууралуу жарлык чыкты, атайын буйрук чыгып коомдук телеканалдын Байкоочу Кеңешинин курамын түзүү боюнча да көп нерселер жасалды эле. Бирок ошол иш ушуга чейин чоюлуп келатты.

Кечээ күнү биз Президенттин администрациясындагы маалымат-координациялык борбордун кызматкерлери менен сүйлөшсөк, ушул жумада толугу менен чечилет деп убада беришти. Утурумдук өкмөт мурда берген убадасынын мөөнөтү туура келип атат. Эгерде мындан да кечиктириле турган болсо анда болбойт, себеби жакында шайлоо башталат. Шайлоо башталганда УТРКнын иштөөсү көп чырга алып келчү эле. Бул да жолу ошого жеткиртпей, шайлоого катышып аткан тараптар баары тең УТРКга чыга ала турган мүмкүнчүлүктү түзүп, элге калыс маалымат жетишин каалап атабыз биз.

- УТРКны коомдук кылса эле абал оңолуп кетет дегенге ишенесизби. Себеби жеке менчик телеканалдар өнүкмөйүнчө, атаандаштык пайда болмоюнча УТРКны өнүгүшүнө да үмүтүн артпагандар бар?

- Сиз айткандай коомдук кылып коюу менен эле өзгөрүп кетет деген бул болбогон нерсе. Бирок эң башкысы маалымат жагынан өзгөртсө болот эле. Калыс, ар тараптуу маалыматтар элге жетсе биринчи максат болот, калгандары болсо убакытка жараша болот деген ойдомун.

Ал эми жалпысынан ЖМКлардын реформасын ала турган болсок, бул жакта бир гана каалоо да аздык кылып атат. Себеби биздин өлкөбүз экономика жагынан оңолмоюнча, биздин ЖМКлар кандай көз каранды болсо, ошондой эле кала бермекчи. Азыр өзүңөр көрүп атасыңар канча гезиттер чыгып кетти. Аябай көп. Ошол гезиттин баары эле саясий жетекчилерге көз каранды.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG