Улуттар Уюмунун Пакистанда 13.8 миллион адам селден жапа чегип, көмөккө муктаждыгы тууралуу кайрылуу жасады. Эл аралык уюмдун гуманитардык алакаларды координациялоо кеңсеси Пакистандагы селдин капшабы 2004-жылдагы Инд океанындагы цунами, 2005-жылдагы Пакистандагы жана ушул жылдагы Гаитидеги жер титирөөнүн кесепеттеринен да чоң болду деп баалайт. Суу ташкыны борбордук Пинжаб провинциясындагы 1 жарым миллион элди жер которууга мажбурлап, 1 жарым миллион гектар түшүмдүү жер аянттарын бузду. Улуттар Уюмунун атайын өкүлү жүздөгөн миллион каражат селден сактанууга, ал эми миллиардаган каражат кайра курууга зарылдыгын билдирди.