Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Орусияда өрт кыскарууда


Соңку 24 саатта өрт өчүрүүчүлөр Орусиянын борбордук аймактарындагы өрттүн жарымын баскандыгын маалымдады. Ага карабастан жүздөгөн жерлерде дагы да болсо өрт жалыны басыла элек. Чукул кырдаалдар министрлиги шаршембидеги өрт каптаган 174 миң гектар аянт 93 миң гектарга азайгандыгын айтты. Министр ошондой эле шаршембиде катталган 557 өрт очоктору бүгүн 600гө жеткендигин да кошумчалады. Бул жайдагы өрт Орусиянын тарыхындагы эң чоң өрт апааты болуп саналаарын адистер белгилешүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG