Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Казакстандын абагында кылмышкерлер өзүнө-өзү кол салууда


Ак Моло облусундагы Гранитный шаарчасында жайгашкан түрмөдө алты адам өз денесине зыян келтиргенден кийин Көкчө Тоого жакын жердеги ооруканага жаткырылды. Казакстандын жаза жана көзөмөл комитетинин маалымат катчысы Галымжан Касенов «Азаттыктын» казак кызматына муну тастыктады. Ал ортодо мурда түрмөдө отурган казакстандык укук коргоочу Вадим Курамшин өз булактарына таянып кабарлагандай, бүгүн эртең менен Гранитныйдагы абактын ички тартиби менен карама-каршылык күчөп, абакта өзүнө өзү кол салгандардын саны 250гө жетти.

Бир нече жума мурун Казакстандагы башка бир түрмөдө отургандар ички шарттарга жана сакчылардын уруп-сабоосуна каршылык иретинде өз денелерине зыян келтиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG