Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев билдирди. Анын айтымында, бүгүн "Республика", Коммунисттер жана башка 5-6 партия парламенттик шайлоого катышуу ниеттерин билдирген арызын тапшырышты. Ал эми БШК өкүлү Жеңиш Акматов катышуу нитетин билдирген партиялардын тизмеси тууралуу маалымат кийин болорун кошумчалады. (КЕ)