Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Бишкекте миграция маселесине арналган жыйын өтөт


Бүгүн Бишкек шаарында Орусия жана Казакстандагы кыргыздардын диаспораларын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын жыйыны башталат. “Замандаштын” кезектеги тогузунчу конференциясы “Апрель жана июнь айындагы окуялардын Кыргызстандагы эмгек миграциясына таасири” деп аталууда. Аталган жыйын 14-августка чейин уланмакчы.

Жыйында Орусия жана Казакстандагы эмгек мигранттарынын абалы, ал жактагы диаспоралардын жана мигранттар уюмдарынын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдөгү орду, Бажы биримдигинин Кыргызстанга тийгизген таасири талкууга алынмакчы. Жыйынга Орусия жана Казакстандагы элүүдөн ашык кыргыз диаспораларынын лидерлери, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана жарандык коом өкүлдөрү катышмакчы. Жыйын Бишкектеги “Hyatt” мейманканасында өтөт. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG