Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Ош жана Жалал-Абадга кеткен каражатты көзөмөлдөөчү кеңеш жыйналды


Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин төрагалыгында кечээ Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча атайын кордун каражаттарын көзөмөлдөөчү кеңештин алгачкы отуруму болду.

А.Муралиевдин айтымында, бүгүнкү күнү аталган корго 425 миллион сом түштү. Бул каражаттардын бардыгы Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы калыбына келтирүү жана курулуш иштерине жумшалды. Аталган аймакта болгон июнь айындагы коогалаңдын кесепеттерин жоюу үчүн атайын корго 100 миллион доллар топтоо пландалууда.

Ушул тапта Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы аталган шаарларда көп кабаттуу үйлөрдү курууну баштады. Курулуш иштери Сузак жана Базар-Коргон райондорунда да улантылууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG