Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Нарында губернатордун орун басары кызматын таштоодо


Нарын облусунун губернаторунун орун басары Эрлан Сапарбаев өз каалоосу менен кызматынан кетип атканы тууралуу президентке арызын жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Э.Сапарбаев өзү билдирди.

Э.Сапарбаевдин айтымында, анын кызматтан кетүү тууралуу арыз жазуусуна үч себеп бар.

Биринчиси, 60 километр бери көздөй жылат делип, бирок нарындыктардын нааразычылыгынан кийин токтоп калган Торугарт бажы бекетин бери көздөй жылдыруу кампаниясын тиешелүү бийлик өкүлдөрү токтотпой атат. Э.Сапарбаевдин айтымында, Кытай менен болгон чек арадагы бажы жана чек ара бекетинин бери көздөй жылуусу мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарга каршы келет.

Анын айтымында, Кытай тарап чек ара жана бажы бекетинин бери көздөй жылуусу үчүн 8 миллион доллар бөлүп берүүнү К.Бакиевдин учурунда эле караштырган. Андан тышкары чек ара жана бажы бекеттери бери жылган соң кытайлыктар Ак-Сай, Арпа жайлоолорун ижарага алуу тууралуу бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын жайлоолоруна келчү ар бир кой башына жылына 6 доллардан, бодо малга андан ашык акча алуу маселеси айтылган.

«Бул жерде айрым чиновниктер жеке кызыкчылыгы болуп атат. 7-апрелден кийин бул токтойт деп ойлогом. Бирок токтогон жок»,- дейт ал.

Экинчиси, учурдагы Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетовдун кадрдык саясаты. Үчүнчүсү, Э.Сапарбаевдин айтымында, ошол эле губернатор Т.Мамбетов алдыдагы шайлоолорго карата бардык партияларга бирдей шарт түзбөй атат. Ушул жагдайлар анын кызматтан кетүү тууралуу арыз жазуусуна себепчи болгон.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун губернаторунун орун басары Эрлан Сапарбаев Торугарт бекетинин бери жылуусу тууралуу алгачкы чыр-чатактан кийин түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон. Ошондой эле 27-июндагы референдумду өткөрүү боюнча Нарын облустук штабды жетектеген.

Азырынча мындай арыздын келип түшкөнү, ага президенттин кол коюп-койбогону тууралуу президенттин маалымат кызматы тастыктай элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG