Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Ажылык сапарга барчулар Мекеге учак менен жөнөшөт


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Юсуп Балтабаевдин билдиришинче, Сауд Аравиясы быйыл автобус менен келе турган зыяратчыларды кабыл албай тургандыгын расмий билдирген. Эми каалоочулар ажылык сапарга учак менен гана бара алышат.

Быйыл ажылыкка баруу ишин уюштуруу жоопкерчилиги президенттин токтомуна ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлдү. Буга чейин ажылык сапарды Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы уюштуруп келген. Мекеге барууга Кыргызстан үчүн 4500 орун берилген. Алардын 45 пайызын аялдар түзөт.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG