Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Орусиядагы өрт радиация таралуу коркунучун жаратты


Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, Брянск облусунда ушул аптада эле бери дегенде алты токой өртү өчүрүлдү. Брянск - Орусиянын 1986-жылы Украинадагы Чернобыль АЭСинин 4-реактору жарылганда радиациядан эң көп жабыр тарткан аймагы. Андыктан өрт ошондон калган радиациялык бөлүкчөлөрдү кайра козгойбу деген коркунуч пайда болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Егорушкинанын айтымында, Москвадан барган эксперттер Беларус менен Украинага чектеш Брянскта радиациянын деңгээли жогорулабаганын аныкташкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу өткөн аптада коркунуч болгонун моюнга алды, бирок кырдаал өрттүн түтүнүнөн улам абасы булганган Москванын айланасындагы райондордой анчалык татаал эмес экенин белгиледи. Адаттан тыш ысыктан улам Орусиянын токойлору менен талааларында быйыл жүздөгөн өрт чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG