Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Алматы шаарынан кыргыз мигранттары депортацияланышы мүмкүн


Бул туурасында Алматы шаарында эмгектенген кыргызстандыктардын өкүлдөрү, «Кыргыз-Ата» коомдук фондунун төрагасы Зайырбек Стамалиев жана анын орун басары Мухтар Эгешов Кыргсзтандын акыйкатчысы менен болгон жолугушууда билдиришти. Алардын айтымында, буга Казакстанда боло турган кышкы олимпиадалык оюндар себеп болууда.

Зайырбек Стамалиевдин билдиришинче, Кыргызстандагы апрель окуяларынан кийин казак бийлиги республикада жүрүүнү каттоонун мөөнөтүн катуу тартипке салып жатат. Эгерде кыргызстандыктар 2006-жылдан баштап коңшулаш өлкөдө 90 күндүн аралыгында каттоодон өтүүгө тийиш болсо, эми ал мөөнөт 18 иретке кыскарып, жарандар кошуна өлкөдө 5 күндүн аралыгында каттоодон өтүүгө тийиш болууда. Антпесе аларды депортациялоо коркунучу күтүп турат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы өзүнүн кызмат абалынын алкагында кыргызстандык жарандардын укуктарынын корголушуна бардык чараларды көрөрүн билдирди. Бул туурасында Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG