Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Ислам институттары АКШда чиркөөнүн Куранды өрттөө планын айыптады


Каирдеги дүйнөлүк белгилүү Суннилердин мусулман институту Флорида штаттындагы чиркөөнүн 11-сентябрга пландаштырган Куранды өртөө салтанатын айыптады. Египеттеги Ал-Ажардын Жогорку соту аталган чиркөөнү “жек көрүүчүлүккө жана басынтууга от жакканы” үчүн айыптап АКШдагы башка чиркөөлөрдү муну айыптоого чакырды.
Даав дүйнөлүк колдоо борбору 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуянын курмандыктарын эскерүү иш чарасында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өртөө расмисин өткөрүүнү пландап жаткан. Иш чаранын уюштуруучулары интернеттеги facebook сыяктуу социалдык тармактар аркылуу бул салтанатты өткөрүүнү кеңири жарыялоодо. Бир тектүү жыныстагылардын жакындыгына каршы компания жүргүзгөн Гейнсвилл чиркөөсү өткөн жылы Ислам динин кордогон жазуусу бар чолок көйнөктөрдү тараткан.

XS
SM
MD
LG