Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

АКШ Ирактан аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн тактады


Президент Обама Иракта америкалык аскерлер өз кызматын ушул айдын аягында жыйынтыктап, ал эми аскер күчтөрүн 2011-жылдын этегине чейин толугу менен чыгарып кетүү планын карманат деп жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлери менен жолугушууда билдирди.
Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс “Президент коопсуздук жаатында жетишилген нерселерге канаатангандыгын билдирди. Ал соңку алты айдагы [Иракта] өкмөтү куруу жараяны боюнча жаңы маалыматтарды алды. Бул тез эле ишке аша койчу жараян эмес экендигин түшүнөбүз. Ага карабастан, ушул айдын аягында Ирактагы аскерий базаларды жаап, өткөөл мезгилдеги миссиябызды аяктайбыз.”
Шаршембиде Ирак армиясынын жетекчиси генерал Бабакер Зебари анын армиясы өлкөнүн коопсуздугун өз алдынча камсыз кылууга жетишүүгө дагы 10 жыл керектигин белгилеп, ирактыктар америкалык армиянын колдоосуна муктаж экендигин айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG