Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Күйдүргү жарасынын очогу пайда болду


Ош облусунун Кара-Суу районунда кечээ күйдүргү (сибирская язва) жарасынын очогу пайда болду деген шектенүүнүн негизинде эпидемиологиялык иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Күйдүргүнүн териде пайда болчу түрүн жуктуруп алган деген шек менен жети адам катталып, учурда аларга коюлган диагнозду тактоо иретинде лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Күйдүргү чыкты делген жерде профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG