Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Латвиянын мурдагы президенти Бишкекте лекция окуду


Кечээ Бишкектеги “Hаyatt” мейманканасында Латвиянын мурдагы президенти, айтылуу Мадрид клубунун мүчөсү Вайра Вике-Фрейбергдин каалоочулар үчүн ачык лекция окуду.

“Демократияга өтүү: Латвиянын тажрыйбасы” деп аталган баяндамада Вике-Фрейбрег өз өлкөсүндөгү демократиялык процесстер, СССР кулагандан кийин коммунисттик режимде турган Латвиянын Европага ыктоосу жана Батышка ийгиликтүү интеграцияланышы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Латвиянын демократиялык баалуулуктарга таянган өнүгүү жолундагы мамлекетке айлануусуна эң оболу өнүккөн Европа өлкөлөрү өрнөк болду. Латвия эли “кошуна Скандинавия мамлекеттеринен эч кандай кем эмеспиз” деген ишенимде болуп, жаңы баалуулуктарды тез кабыл алышты. Андыктан Вике-Фрейбрег айымдын айтымында, өлкөнү парламенттик же президенттик кылып койсо эле өнүгүү болот дегенге кепилдиктер жок. Ал үчүн оболу жалпы коомчулукта баалуулуктар алмашуусу шарт.

Вайра Вике-Фрейберг айым Латвиянын алтынчы президенти, бүтүндөй Чыгыш Европа аймагы боюнча алгачкы аял президент болуп саналат. Ал 1999-жылы президенттикке шайланып, 2003-жылы кайра шайланган. Анын президенттиги тушунда Латвия Европа биримдигинин мүчөсү болуп, Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) кирген. Профессор, доктор Вике-Фрейберг президенттиктен кеткенден кийин да эл аралык саясат менен активдүү алпурушууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG