Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

АКШ Ирандагы диний куугунтуктарга терең тынчсызданат


Ирандын диний азчылыктарга жасап жаткан мамилесине АКШ терең тынчсызданары тууралуу мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Мунун алдында Иранда Бахаи динин кармангандардын жети лидери жыйырма жылга түрмөгө кесилген эле. Сот өкүмү 8-августта чыккан.

Бахаилер - Ирандагы диний азчылыктардын эң ириси. Бул динди тутунгандардын жети лидери 2008-жылдын май айында эле камакка алынышкан. Ал чет өлкөлөр үчүн тыңчылык кылган, коррупцияны жайылтышкан, исламга шек келтирген, Израиль менен кызматташкан деген айыптардын негизинде соттолушту.

XS
SM
MD
LG