Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:38

Кытайда кайрадан катуу жаан жаап, жер көчкү жүрдү


Өлкөнүн түндүк-батышында аба ырайынын начардыгы Ганьсу провинциясынын Зогу деген жериндеги куткаруу иштерин кыйындатты. Ал жерде өткөн жекшемби күнкү жер көчкүдөн миңден ашуун киши каза тапкан эле. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын бүгүнкү кабарларына караганда нөшөрлөгөн жаандан кийинки сел менен жаңы жер көчкүдөн кеминде 20 адам мерт болуп, 10 жарым миңдей киши камоодо калган. Мамлекеттик сыналгы билдиргендей, Ганьсу провинциясынын Лоңнан деген жериндеги көчкүдөн 15 адам мерт болуп, 10 миңдей киши камоодо калды. Ал эми “Синьхуа” агенттиги түштүктөгү Сичуань провинциясындагы жер көчкүдөн 500дөн ашуун киши камалып, 5 киши каза тапканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG