Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Түшүмдүн чейрек бөлүгүн жоготкон Орусия өрт менен күрөштү күчөттү


Учурда өлкөнүн негизги өзөктүк изилдөө борбору жайгашкан шаардын айланасындагы өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө. Нижегород облусундагы Саров шаарынын тегерегиндеги өрт менен 3400дөн ашуун өрт өчүргүч күрөшүп жатат, Москвадан атайын өрт менен күрөшүүчү поезд жөнөтүлдү. Орусиянын башкы өзөктүк изилдөө борбору жайгашкан Саров азыр деле чет өлкөлүктөр үчүн жабык шаар. Бул аралыкта президент Дмитрий Медведев өрткө байланыштуу өзгөчө абал киргизилген жети аймактын үчөөсүндө: Владимир, Воронеж облустарында, Мары эл республикасында мындай тартипти жойду. Бирок Мордова республикасында, Москва, Нижегород, Рязань облустарында оор кырдаал сакталууда. Президент Медведевдин айтымында, быйылкы ысык менен кургакчылыктан улам Орусия эгин түшүмүнүн төрттөн бир бөлүгүн жоготту. Көпчүлүк дыйкандар банкрот болуу алдында турат. Орусиядагы быйылкы адаттан ысыкты коштогон өрттөрдөн 50дөн ашуун киши каза тапты, айрым кыштактар түбү орду менен талкаланып, жок болду.

XS
SM
MD
LG