Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

Ошто үй курулушу боюнча тендердин жеңүүчүсү 17-августта аныкталат


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция 64 батирлүү төрт кабат үйдү жана 520 орундуу орто мектепти куруу боюнча тендер жарыялаган. Бул үй Ош шаарындагы И. Раззаков атындагы көчөдө курулат. Учурда үй курууга 27, мектепти курууга 30 курулуш компаниялары катышуу ниетин билдиришти. Дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, тендердик комиссия курулуш компанияларынын бардык сунуштарын карап чыгып, жакынкы убакытта тендердин жеңүүчүсүн аныктайт. Бул туурасында дирекциянын маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG