Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Т. Үмөталиева: “Мекен Туу” партиясынын бийликти кулатуу ниети жок болчу


Бул туурасында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ЕККУга жана БУУга жолдогон ачык кайрылуусунда билдирген. Токтайым Үмөталиева 5-августта өтө турган “Мекен Туу” партиясынын курултайы күч органдары тарабынан орой мүнөздө, негизсиз токтотулгандыгын, ал күнү жарандык активисттердин жана иш чарага тишеси жок эле адамдардын камакка алынышы одоно адам укуктарын бузуу менен коштолгондугун ырастайт. Кайрылууда УКМКда расмий айтылып жаткан 27 адам эмес, 122 киши болгондугу жана азырынча алардын канчасы убактылуу кармоо абагында жатканы белгисиз экендиги айтылат. Буга байланыштуу укук коргоочу эл аралык уюмдардан УКМКнын убактылуу кармоо жайында камалгандар боюнча коомдук мониторинг жүргүзүүгө колдоо көрсөтүүсүн жана өлкөдөгү мындай абалга баа берүүсүн суранган.

5-августта Бишкекте митинг өтүп, расмий бийлик муну бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Митинг анын уюштуруучусу Урмат Барктабасовду камакка алуу менен аяктаган.(AzK)

XS
SM
MD
LG