Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

УКМК: 5-9-августтагы окуяларда УКМК мыйзам чегинде иштеди


УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 5-августтагы окуялар боюнча 27 киши кармалган. 9-августта 7-апрелде каза тапкандары эскерүү митинги жана ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы нааразычылык акциясын өткөрүү шылтоосу менен баш аламандыкты уюштуруу аракети болуп, анда 22 киши колго түшүрүлгөн. Аларга эч кандай зомбулук көрсөтүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө алар кое берилип, текшерүү иштери улантылууда. УКМК мыйзам чегинде гана иш алпарып жатканын жана жарандардын эркиндиктери жана укуктарын бузууга жол бербей тургандыгын билдирет.

Буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ЕККУга жана БУУга жолдогон ачык кайрылуусунда 5-августтагы “Мекен Туу” партиясынын курултайы күч органдары тарабынан орой мүнөздө, негизсиз токтотулгандыгын, ал күнү жарандык активисттердин жана иш чарага тишеси жок эле адамдардын камакка алынышы одоно адам укуктарын бузуу менен коштолгондугун ырастаган. Ал УКМКда расмий айтылып жаткан 27 адам эмес, 122 киши болгондугу жана азырынча алардын канчасы убактылуу кармоо абагында жатканы белгисиз экендиги айткан. Буга байланыштуу укук коргоочу эл аралык уюмдардан УКМКнын убактылуу кармоо жайында камалгандар боюнча коомдук мониторинг жүргүзүүгө колдоо көрсөтүүсүн жана өлкөдөгү мындай абалга баа берүүсүн суранган эле.

5-августта Бишкекте митинг өтүп, расмий бийлик муну бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Митинг анын уюштуруучусу Урмат Барктабасовду камакка алуу менен аяктаган.(AzK)

XS
SM
MD
LG