Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Германия евромейкиндиктин экономикасын алга сүйрөдү


Евромейкиндикке кирген 16 өлкөнүн экономикасы жылдын экинчи чейрегинде 1 процентке өскөнү ырасмий маалымдалды. Экономикалык өсүү эң алды Германиянын ийгилиги менен түшүндүрүлөт. Германиянын экономикасы алдыңкы үч айга салыштырмалуу 2,2 процентке өскөн. Бул 1990-жылы Батыш жана Чыгыш Германия кошулгандан берки эң мыкты көрсөткүч. Ички дүң жыйымдын өсүшүнө дүйнөлүк экономиканын оңолушу жана Германиядан экспорттун өсүшү өбөлгө болгон.

Франциянын экономикасы экинчи кварталда биринчи кварталга салыштырмалуу 0,6 процентке өскөн. (январь-мартта 0,2 процентке өскөн эле). Франция экономикалык кубаты боюнча Европада Германиядан кийинки чоң өлкө. Экономикасы оор абалдагы Грекиянын ички дүң продукциясы жылдын экинчи чейрегинде 1,5 процентке кыскарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG