Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

«Ата Журт» партиясынын мүчөсүн кармап кетишти


“Ата Журт”партиясынын маалымат борборунан кабарлашкандай, бүгүн өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп атаган адамдар партиянын мүчөсү Мирбек Букабаев менен жолугууга макулдашып, түшкү саат эки жарымда аны күч менен кармап кетишкен. «Ата Журт» партиясы Мирбек Букабаев мыйзамсыз кармалган деп эсептейт. Алар УКМКнын мындай аракети партиянын мүчөлөрүнө карата куугунтуктоо башталганынан кабар берерин белгилешет. Партия Мирбек Букабаевди коё берүүнү талап кылуу менен УКМК анын кармалышынын себебин түшүндүрүшү керектигин билдирүүдө.

УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рыспек Быйын уулу “Азаттыкка” бул туурасында аларда азырынча маалымат жок экенин билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG