Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Ооганстан: Хазарлар менен пуштундар жер талашты


Полициясы пуштундары үйлөрүнөн сүрүп, Хазара кыштагынын жанындагы дөңдү көздөй кууган 200дөй пуштунду асманга ок атып жана желим таяктар менен уруп таркатты. Күбөлөрдүн айтышынча, Кабылдын четиндеги кыштакта болгон чатакта бир нече киши жараат алган.

Хазарлардын аксакалы Гулям Сахинин сөзүнчө, бул жерлер эзелтен хазарларга таандык болчу. Анын ырасташынча, хазарлар пуштун эркектерге барып, жерлерин эмне үчүн айдап жатканын сурамак болгондо, алар ок атып жооп берген. Пуштундардын аксакалы Мухаммад Умар хазарлар алардын там-жайын өрттөп, үйлөрүнөн кууганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG