Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун башчысы дайындалганы айтылууда


Кыргызстанга келчү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык кеңешчи тобунун башчылыгына мурда бул уюмдун Бишкектеги борборун жетектеп кеткен Маркус Мюллер дайындалганын Швейцариянын Swissinfo маалымат булагы жазып чыкты. Бирок ЕККУнун Бишкектеги борборунун маалымат катчысы азырынча мындай маалымат Бишкек борборуна түшө электигин, аны тастыктай алышпастыгын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин ЕККУнун Кыргызстанга келе турган полициялык кеңешчи тобу куралып бүтүп калганын кабарлаган. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанга келчү полициялык кеңешчи топко Түркия 15 чамалуу өкүлүн, Сербия 10, Орусия 7, Латвия 3, Болгария 3, Словакия 3, Финляндия 2, Литва менен Швеция бирден өкүлдөрүн жиберишерин билдиришкен. (SM)

XS
SM
MD
LG