Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Ошто “Мектепке кош келиңиз” улуттук демилгеси башталды


Анын алкагында балдарга мектептерде шарт түзүү, убактылуу аянтчаларды куруу, Ош жана Жалал-Абад облустарында зарыл болгон жерлерге чатыр мектептерин ачуу жана окуу учурунда керек болгон бардык шарттарды, ошол эле эмерек, окуу куралдары, спорт шаймандары менен камсыз кылуу иштери жүрөт. Бул демилге Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыгып, БУУнун балдарды коргоо корунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен ишке ашырылмакчы.

Ошондой эле “Сапаттуу билим” долбоорунун алкагында Ош жана Жалал-Абаддагы мектеп жана мектепке чейин мекемелердин администрациясы, бирикмелердин лидерлери психо-социалдык реаблитациялоо боюнча окуулардан өтүшөт. "Мектепке кош келиңиз" улуттук демилгесинин жыйынтыгында өлкөнүн 72 миң мугалими тынчтык жана толерантуулук боюнча окуу пландарын алышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG