Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Барак Обама Нью-Йоркто талаштуу мечиттин курулушун жактады


АКШнын президенти 2001-жылдын 11-сентябрында радикалдык исламчылар учак менен урдуруп жардырган имараттардын жанында мечит, мусулмандардын маданий борборун куруу сунушун колдоп, башка динзарлардай эле мусулмандар да Америкада өз динин тутунууга укуктуу экендигин билдирди. Орозонун алгачкы жума намазында Ак үйдө мусулман өлкөлөрүнөн дипломаттарды жана америкалык мусулман жамаатынын өкүлдөрүн кабыл алганда Обама АКШда дин тутуу эркиндиги баарына бирдей болуш керек деди. 2700 киши курман болгон Дүйнөлүк Соода борборуна жасалган террордук чабуулга байланыштуу көптөгөн америкалыктар бул долбоорго каршы болушууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG