Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Баткендин Согмент айылы Өзбек ТВларын гана көрүп калды


Бул туралуу Баткен районунун Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Согмент айылынын башчысы Сахабидин Касымов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, айыл тургундары акыркы бир жарым айдан бери Кыргызстандын эч кайсы маалымат каражатын көрө албай калышты. Бир жарым ай мурда Согмент айылынын теле чагылдыргычы жарактан чыгып калган. Ошол күндөн бери кыштак тугундары Өзбекстандын үч ТВ каналын көрүп, Кыргызстандын телекөрсөтүүлөрүн көрүүгө мүмкүн болбой калган. “Бул боюнча тейлөөчү кызматтарга билдиргенбиз, бирок алиге жылыш болбоду. Өлкөдө кандай жаңылыктар болуп жатканынан кабарыбыз жок, абал бүгүнкүдөй учурда расмий маалыматка муктаж болуудабыз, айылда же гезит саткан күркө да жок”, - дейт айыл башчы.

Баткен районунун акими Хаитали Айкынов бул боюнча кабары жоктугун «Азаттыкка» айтып, аймакта маалымат алуу жаатында көйгөйлөр бар экенин, бул боюнча атайын иш чаралар жакынкы күндөрү жүргүзүлөөрүн билдирди. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG