Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Нарын облусунун мурдагы губернатору Тынчтыкбек Чекиевди 13-августта түн ичинде өзүнүн үйүнөн атып кетишти. ИИМ бул кылмыш каракчылык максатында болгон деген версияны айтып жатат. Аталган ишмер райондук жана областтык деңгээлдеги жетекчи болуп иштеп жүргөн адам катары элге белгилүү эле.

Тынчтыкбек Чекиевди 14- августка караган түнү Сокулук районунун Жал айылындагы өз үйүндө белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Анын денесинин төрт жерине ок тийип, жарааттан каза тапкан. Белгисиз адамдар аткан октон Чекиевдин жубайы да жабыркап, учурда ооруканада жатат. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, атайын кылмыш иликтөө тобу түзүлгөндүгүн кабарлады:

- Азыркы кезде кылмыш иши козголгон. Оперативдик кылмыш иликтөө тобу бул кылмышты ачуу боюнча аракет кылып жатат. Азыркы версия - бул кылмышкерлер каракчылык, тоноочулук максат менен үйүнө киришкен.

Маркумдун таанышы, чек ара кызматынын ветераны Орунбек Дайиновдун айтымында Т. Чекиев үйүнө капыстан басып кирген куралдуу кылмыштуу топ менен кармашып, каршылык көрсөткөн экен:

- Муну изилдешкен, багышкан. Ошол күнү кеч келген. Андан пайдаланып, үй-бүлөсүн ар бери будамайлап, ишти бүтүрүшкөн. Анан кийин өзү тыңыраактык кылып, бирөөнүн тапанчасын ыргыта чаап, чайнек менен бирөөнү койгон. Ага болбой терезеден секирип кетип, анан кансырап каза болгон. Секирип кетип, дарбазаны ачып элди чакырган маалда тигилер да качып кетиптир.

Орунбек Дайинов маркум Тынчтыкбек Чекиевдин өлүмүн сөзсүз түрдө кандайдыр бир буйуртма деп кароого каршы экенин айтат:

- Муну эч качан саясий абалга такабаш керек. Аркасынан издеген, ээрчиген учурлар болгон. СНБга чакырылыптыр, үйдөгүлөр айтып отурушат. Мурун болгон экен. Баласын да чакырышыптыр. Бирок бул жерден эч качан ушуга байлабаш керек.

Маркум Тынчтыкбек Чекиев райондук, областтык деңгээлде мамлекеттик жетекчи кызмат орундарында иштеп келди. Тогуз-Торо районунда акимдин орун басары, Нарын облусундагы администрациянын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Андан кийин Ысык-Көл облустук администрациясында эмгектенген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жети-Өгүз районунун акими, Нарын облусунун губернатору болгон.

- Тынчтыкбек Чекиев азыркы Улуттук университеттин тарых факультетин бүткөндөн кийин мен билгенден бир аз эле убакыт тарых сабагынан мугалим болуп иштеди. Калганын бардыгын өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттик кызматтарда жүрдү. Мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү тепкичинен, даражасынан баштап, Нарын облусунун губернатору болуп иштебедиби,-дейт маркумду жакшы тааныган жердеши, журналист Бакыт Орунбеков.

Тынчтыкбек Чекиев эл оозундагы сөзгө караганда, экс-президент К. Бакиевдин тушунда бийликке жакын адам катары саналган. Буга чейин маркумдун ишмердүүлүгү жөнүндө бир катар макалаларды жазып жүргөн журналист Айбек Шамшикеевдин баамында, ал Бакиевдин ишенимдүү кадры болуу менен бирге, Бакиевдин сырларын билиши да мүмкүн. Бирок анын өлүмүнө Бакиев менен болгон мамилесинин канчалык тиешеси бар экенин айтуу кыйын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG