Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Батыштын тыңчысы делген И.Сутягин өзүнө коюлган күнөөнү четке кагат


Орусиялык өзөктүк иликтөөлөр боюнча адис, өткөн айдагы Орусия менен АКШнын ортосундагы тыңчыларды алмаштырууда Лондонго чыгарылган Игорь Сутягин батыштын кызыкчылыгана эч качан тыңчылык кылбагандыгын Эркин Европа/Азаттык үналгысына берген маегинде айтты. Курал-жарак көзөмөлдөө жана өзөктүк куралдар боюнча адис Сутягин орусиялык расмий тараптар ага үзгүлтүксүз басым жасап, күнөөлүмүн деген кагазга кол койдурушкан. Ал ошондой эле жогорку бийлик тараптар аны жаңылыш түрдө абакка салгандыгын эми өз жүзүнө көлөкө түшүрбөй кантип чыгарып жиберүүнүн жолун издеп жатышканы тууралуу ага айтылганын кошумчалады. И.Сутягин күнөөсүн мойнуна алган кагазга кол койгондон батышка тыңчылык кылган делген дагы төрт киши менен Орусиядан чыгарылган. Вена аэропортунда АКШдан чыгарылган орусиялык 10 тыңчы менен аларды алмашуу болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG