Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Кылмыш топтору менен күрөшүү боюнча программа иштелип чыгат


Бул туурасында президент Роза Отунбаева Кыргыз радиосуна берген маеги учурунда билдирди. Анын айтымында, кыргыз милициясынын кадыр-баркын көтөрүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатат. Учурда күч органдарында кадр маселесине басым жасалып, күч кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүп, иштөө шартын жакшыртуу жаатында аракеттер көрүлүүдө. “Биз кылмыш топторун тизгиндейбиз. Аларга каршы чараларды көрөбүз. Бул боюнча атайы программалар иштелип чыгат”, - деди президент.

Мындан тышкары Роза Отунбаева өлкөнүн туштүгүндөгү абал, калыбына келтирүү иштери, эл аралык донорлордон келип жаткан каражаттардын жумшалышы, өлкө коопсуздугу туурасында маалымат берди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG