Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

БУУнун башкатчысы селден жабыркаган Пакистанга жардамды көбөйтүүгө чакырууда


Кечээ Пакистанда болгон Пан Ги Мун өлкөнүн селден талкаланган аймактардагы абал менен таанышты. БУУнун башкатчысы Исламабаддагы пресс-конференция учурунда белгилегендей, Пакистан кабылгандай кыйраканды ал буга чейин эч жерден көргөн эмес. Пан Ги Мундун айтымында, өлкөдө селге кабылгандар саны 20 миллионго жетүүсү мүмкүн. Ал апта соңунда БУУнун башкы ассамблеясын Пакистанга кошумча каражат жана жардам бөлүүгө чакырмакчы. Акыркы 80 жыл ичиндеги эң катуу селден өлкө калкынын 10%дан ашууну же 20 миллиону жабыр тартканын Пакистан бийликтери да билдирүүдө. БУУнун эсебинде, Пакистан селден жабыр тарткандарга чукул жардам көргөзүү үчүн бир нече жүз, ал калыбына келтирүү иштери бир нече миллиард долларга муктаж.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG