Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Кыргызстан - ЕККУ, жети жылга созулган Казахгейт


EККУнун күчтөрүнө нааразылыктын күчөп жатышы, Казакгейт чуулганы тууралуу сот соңуна чыкканы Батыш басма сөзүндөгү чагылдырылган темалар.


The Jamestown Foundation интернет баракчасы “Кыргызстанда ЕККУнун полиция күчтөрүнө каршылык өсүп жатат” деп билдирген. Макалада Кыргызстанга ЕККУнун полиция кеңешчилерин киргизүү планына өлкөнүн ички иштерине аралашканы жатат деп каршылык билдирген саясий активисттердин саны улам өсүп жатканы белгиленет да, “Кыргызстан эли сырткы күчтөргө каршы“ аталышындагы уюм ЕККУнун күчтөрү Ошко келген учурда Ош аба майданын блокадага алуу жөнүндө опуза жасаганын кабарлаган.

“Айрым активисттер үчүн”,-деп айтылат макалада - “ЕККУнун күчтөрү туруктуулукту алып келүүнүн ордуна туруксуздукту пайда кылган Балкан өлкөлөрүндөгү эл аралык күчтөрдү гана элестетет. Айрым серепчилер ЕККУнун күчтөрүнө каршы бул массалык нааразылык толкунун 2006-2007- жылдары элдин ХИПИК деп аталган оор карыз астындагы кедей өлкөлөр программасына каршы массалык түрдө каршы чыгышына салыштырып окшоштурушууда”.

Human Rights Watch аталган адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюм өзүнүн интернет баракчасында тогуз жылга кесилип, абакта олтурган өзбек активисти Гаибулла Жалиловко Кашкадарыя райондук сотунун өткөн аптада кошумча төрт жыл кошкон чечимине кайрылган. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Ракел Денбер билдирүү жарыялап, “ансыз деле бейкүнөө камакта олтурган Жалиловдун башкы мыйзамга каршы иш алып баргандыгы үчүн айыптап кошумча төрт жылга кесилүүсү өзбек бийлигинин адам укуктары боюнча активисттерге канчалык катаал мамиле жасаганынын далили болуп эсептелеерин баяндаган.

International Herald Tribune “Борбор Азиянын жаңы жибек жолу” деген баш сөз менен жарыялаган көлөмдүү макаласында Борбор Азиядагы өлкөлөр менен Кытайдын гүлдөп өнүгүп бараткан экономикалык мамилелерине сереп салган. “Сибирдин токою, Казактын мунайы, Түркмөндүн газы, Монголиянын темири, чыгышка карай жаңы салынган жол түйүндөрү аркылуу Кытайдын ылдам өсүп бараткан экономикасына барып куюлууда” деп жазылган макалада Кытайдын алгачкылардан болуп Борбор Азиядан өзүнө карай жолдорду, темир жолдорду жана боро багыттарын куруусу батыштыктар үчүн дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратып олтурганы бышыкталып, батыш 19- кылымдын ‘чоң оюнун’ кайталаштын ордуна Кытай таштаган ошол алгачкы кадамдардын артын улантуусу абзел деген пикир билдирилет.

“Жети жылга созулган ‘Казакгейт’ чуулганы минималдуу жаза берүү менен соңуна чыкты” деп жазат Eurasia View интернет баракчасы. Жети жылга созулган легалдык таймаш жана Назарбаевдин жеке тырышууларынан кийин көптөгөн миллион доллардык ‘Казакгейт’ коррупция чуулганы аяктаганын белгилеген баракча Нью-Йорк шаардык соту Казак аткаминерлеринин кеңешчиси болуп иштеген америкалык ишкер Жеймс Гиффендин прокурорлор менен соодалашып, күнөөсүн моюнга алган соң минималдуу жаза алуу менен кутулганын маалымдаган. Ал Казак президенти Назарбаевдин да аты аралашкан бир коррупциялык соода ишинде АКШнын коррупция боюнча мыйзамдарын бузган деп айыпталып, 2003-жылы Нью-Иорктун аэропортунан кармалган эле. ‘Казакгейт чуулганы’ деп аталып калган сот ишинде жогорку даражалуу казак жетекчилер, анын ичинде президент Назарбаев жана премьер-министр Нурлан Балгимбаев Жеймс Гиффендин арачылыгы аркылуу америкалык фирмалардан пара алган деп айыпталган болчу.
XS
SM
MD
LG