Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Оле Солванг "Хюман Райтс Уотч" уюмунун «чукул кырдаалдар» бөлүмүнүн изилдөөчүсү жана уюмдун Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь коогасы тууралуу отчеттун авторлорунун бири. Ал аталган отчет боюнча жана бүгүн коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратып келаткан бир катар маселелер боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.


Азаттык: Кыргыз өкмөтү тарабынан силердин иликтөө ишке бөгөт коюуга аракеттер болдубу?

Оле Солванг: Бизге кандайдыр бир олуттуу тоскоолдук болгон жок. Кыргызстанда биздин изилдөөчүлөр иштеди. Бир нече аптанын ичинде 200дөн ашык кишини сурамжыладык, өкмөт, күч органдарынын өкүлдөрү менен жолуктук.

Азаттык: Азыр үч жарым миң кылмыш иши ачылган экен. Кыргыз бийликтери акыйкат жана бейтарап тергөө жүргүзүп, сот акыйкаттыгын камсыздай алабы?

Оле Солванг: Тилекке каршы, кеп ачылган кылмыш иштеринин санында эле эмес. Кыргыз өкмөтүндө бул ишти жакшылап тергөөнү каалагандар бар. Бирок бүгүн жарыяланып жаткан отчетубузда да айттык, тергөөнүн жүрүшүндө өтө одоно проблемалар болуп жатат, көп сандаган кишилер тийиштүү уруксаты жок камакка алынган, камак жайларында кыйноо колдонулган учурлар көп. Биз ошондой эле тергөөнүн бейтарап жана акыйкат болбогондугун айттык. Жакында Башкы прокуратура билдирүү жасады. 243 киши соттолсо, алардын 29 кыргыздар, 213 өзбектер экен. Өзбек маалаларынын канчалык өрттөлүп, талкалангандыгын эске алганда мындай сандар өтө олуттуу суроолорду жаратпай койбойт.

Азаттык: Бул өңдөнгөн маселелерди көтөргөн укук коргоочуларды коркутушуп, качып кетүүгө мажбур болгондор болду. Азыр ЕККУнун эл аралык полициясын киргизүү тууралуу маселе коомдун бөлүп-жарылышына алып келди. Азыр эми силер сындап чыгып атасыңар. Булардын баары улутчулдардын позициясын күч алдырып, өлкөнү изоляцияга такап, курмандыктардын абалын дагы оорлотот деп ойлобойсузбу?

Оле Солванг: Бул чынында да татаал маселе. Укук коргоочу "Хюман Райтс Уотч" уюму же башка эл аралык уюм Кыргызстандын изоляцияда калышын каалайт деп ойлобойм. Тескерисинче, Кыргызстан ачык болсо, өлкөнүн өзүнө да, бүт регионго да пайда гана болот. Биз эл аралык иликтөө жүргүзүлүшүн, эл аралык полициянын келишин жана диалог болушун каалайбыз. Улутчулдуктун картасын ойноп, «Кыргызстанга каршы конспирация бар» деп жаткандар бар. Алардын максаты эмне экендиги тууралуу сөз кылгым келбейт, бирок кыргыздар менен өзбектер болгон окуяларга обьективдүү баа бере албаса, бул өлкөгө кедерин гана тийгизет. Буга жооп берилип, акыйкаттыктын калыбына келиши өтө маанилүү.

Азаттык: Сиздин кесиптештер бир тарапка тартып жаткандай таасир калтырган учурлар жок эмес. Алыска барбай эле, мисалы "Азаттыктын" бир кабарчысы Сузакта инисин таба албай, эки айдан бери Жалал-Абатта жүрөт. Ал жигит Сампа кол салуусунда жоголгон. Ал сиздин кесиптешиңиз менен жолугалы деп макулдашат, бирок ал кездешүүгө келген эмес. Ушул өңдөнгөн көрүнүштөр силерге болгон ишенимге шек келтирип жаткан жокпу?

Оле Солванг: Тилекке каршы, мындай массалык зордукчулукта жапа тарткан ар бир адам менен сүйлөшкөнгө бизде мүмкүнчүлүк жок. Биз сүйлөшпөй калган кыргыз да, өзбек да курмандыктар болушу мүмкүн. Бирок биз жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөштүк, биз кыргыздар көп жашаган аймактарда да, өзбек маалелеринде да болдук. Биз Ошто, Жалал-Абатта, Базар-Коргондо болдук, бирок биз Алайга, Кара-Кулжа сыяктуу кыргыздар басымдуулук кылган аймактарга да бардык. Бул өңдөнгөн кырдаалдарда ар дайым иликтөөнү бейтарап жүргүзүп, колдон келишинче көп маалымат чогултууга аракет кылабыз. Биздин отчетто кыргыздардын көрсөтмөлөрү, жапа чеккен кыргыздардын сүрөттөрү да бар. Бирок жалпысынан алганда өзбектер, алар жашаган маалелер көбүрөөк жапа тартты. Бул да отчетто чагылдырылды.

Азаттык: Сиздердин отчетто Оштогу тополоң 10-июндун түнүндө казинодогу чатактан кийин кыргыздарга кол салынып, бир нече имарат өрттөнгөндөн кийин башталгандыгын жазыпсыңар. Мындан тышкары мечиттерден түн ортосунда азан чакырылган, муну менен уюштуруучулар өзбектерди кыргыздарга каршы чоң казатка чакырган деген сөз чыкты. Ушул чынбы?

Оле Солванг: Мындай кырдаалдарда зомбулук качан башталганын тактоо ар дайым кыйын. 10-июндун түнүндө Ош шаарынын борборундагы казинодогу чатакты биз жаңжалды тутанткан окуялардын бири катары атап, казинонун алдында жүздөгөн өзбектердин чогулганын жаздык. "Мечиттерден намазга чакыруу өзбек тараптын бул чатакты пландагандыгынын белгиси" деген кыргыздардын айыптоолорун уктук. Өзбек жамааты да, кыргыз жамааты да муну каршы тарап уюштуруп, пландаган деп ойлошот. Биз мунун алдын-ала пландалганына азганактай гана далил таптык. Анын үстүнө биздин иликтөөнүн максаты бул эмес болчу. Бирок чатак башталгандан кийин эки тараптан тең уюшкандык болгондугунун белгилери бар. Намазга чакырууну айрым өзбектер «чабуул башталды, өзүңөрдү коргогула» деген белги болгон деп айтышты. Булардын баары өтө тыкыр, бейтарап иликтөө зарыл экендигин көрсөтөт.

Азаттык: Бүгүн Кыргызстандан көп кишилер кетип жатат, алардын көбү өзбектер экен. Бул билмексенге салгандыктан улам, өзүнөн өзү жүрүп жаткан этникалык тазалануу эмеспи? Бул Кыргызстан үчүн бир чети жоготуу болуп саналат, бир чети президент Отунбаева айткандай, келечекте өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайларга түрткү болот, ушундай эмеспи?

Оле Солванг: Мен азыр да өтө тынчсызданып жаткандыгымды айткым келет. Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал өтө курч. Эмне болуп кетерин айтып болбойт. Эң башкысы жергиликтүү бийликтердин айрым кадамдары, тергөө мезгилиндеги зордук-зомбулуктар, кыйноолор отко май чачып жатат. Ушунча көп сандагы өзбектер өздөрүн коопсуз сезе албай, ал жактан кетүүгө бел байлап жаткандыгы борбордук бийликти да, жергиликтүү бийликтерди да ойлонтушу керек. Аларды коргоого алуу жана коопсуздукту камсыздоо биринчи кезекте бийликтердин милдети.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG