Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

А.Князев: Кыргызстандын түштүгү экинчи Палестин болуп калуу коркунучунда


Эксперт Александр Князев июнь айында түштүктө орун алган коогалаң туурасында маалымат жыйын өткөрүп, Палестин эли мындай кырдаалдан тартипти катуу сактап, уюшкандык менен чыгып кеткенин белгиледи. Ал түштүктөгү кырдаалдын курчуп кетишине шовинизм саясаты күнөөлүү деп эсептейт. “Мен өзбек жаштары согушкерлерди даярдоочу Ооган лагерлерине өтүп жатат деген маалыматтарга ишенем. Ошондуктан бул жерде Палестиндегидей эле окуя кайталанып кетиши ыктымал”, - деди А.Князев.

Президент Роза Отунбаева жетектеген расмий бийлик абал көзөмөлдө экенин белгилеп, ар кандай ушак-айың, чагымчылдыкка алдырбоого үндөп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG