Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Токтогул районундагы жетекчилер иш ордунда жок, эл нааразы



Токтогул районунда аким Сатылган Арстанбеков жана анын орун басары Эшматов Мадандын иш ордунда отурбай атканы, райондо иш жүрбөй жатканына жергиликтүү эл нааразы болууда. Токтогул шаарчасынын тургуну Кадыралы Кожокеевдин айтымында аким менен анын орун басары бүгүн дагы иш ордуна келишкен жок. Алар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын иштери менен чуркап жүрүшөт деген кеп эл ичине тарап жатат.

К. Кожокеевдин берген маалыматына караганда, Токтогул районунда “7-апрель ыңкылабынын асыл максаттарын коргоо кыймылынын” мүчөлөрү райондун акими Сатылган Арстанбеков менен анын орун басары Эшматов Мадандын токтоосуз кызматтан кетишин көптөн бери талап кылышууда. Алар талаптары аткарылбай турган болсо радикалдуу чараларга барышарын, керек болсо бул райондо шайлоо болбой калыш коркунучу бар экенин да эскертишүүдө. Аталган кыймылдын өкүлдөрү экс-президент К. Бакиевдин тушунда бийликте туруп, элге кордук көрсөткөн, шайлоолорду каратып туруп бурмалаган кошоматчы жана коррупционер адамдардын дагы эле болсо райондун жетекчи кызматтарын мыкчып тургандарына нааразы экендиктерин айтышууда.

Жергиликтүү жашоочулардын бири Салават Аникеев бир күн мурда аким менен анын орун басарын кетирүү жөнүндө талаптар аткарылбай турган болсо өзүн өзү өрттөөгө бара турганын эскертти. Ал ошондой эле аны телефон аркылуу коркутуп-үркүтүү болуп жатканы жөнүндө бүгүн коопсуздук кызматына арыз жолдоду.

"Азаттык" дагы өз кезегинде Токтогул районунун акимин же орун басарын жообун угуу ниетинде аларды иш ордунанан издеп таба алган жок. (КС)

XS
SM
MD
LG