Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

HRW: Түштүктөгү окуяны өзбектерди тукум курут кылуу деп айтууга эрте


Human Rights Watch эл аралык уюмунун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын түштүгүндө июнда болгон улуттар аралык жаңжал жөнүндө жаңы көлөмдүү баяндамасы менен тааныштырды. Анда түштүктөгү окуяны тукум курут деп атоого далилдер жок экени белгиленди. Баяндаманын авторлорунун бири Уле Солванг Оштогу коогалаң 10-июнь күнү кыргыз-өзбек жаштарынын казинодогу мушташынан башталганы, өзбектердин жоон тобу чогулуп, түнү менен кыргыздарга чабуул коюшканы сурамжылоодо аныкталганын айтты. Ошондой эле бир топ үйлөр өрттөнүп, жини келген кыргыздар Оштон жана башка жактардан чогулуп, 11-июндан тарта 14-июнга чейин өзбектерге чабуул коюшканы жаңы отчетто көрсөтүлгөн. Мындан сырткары тартип коргоо органдары окуяны объективдүү иликтебей жатканы белгиленип, камакка алынгандардын саны расмий бийлик көрсөткөн сандарга дал келбей жатканы айтылды. У.Солванг кармалгандардын көбү өзбек тектүүлөр экенин жана тазалоо иштери аягына чыкса да мыйзамсыз кармоолор уланганын кошумчалады.

Human Rights Watch эл аралык уюмунун өкүлдөрү “Адилеттик кайда?” деген суроо менен башталган баяндама муну менен жыйынтыкталбай тургандыгын белгилешти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG