Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөөл бекеттердин айрымдарынын ишин жандандырат


“Интерфакс –Казакстан” агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу казак премьер- министри Карим Масимов кечээ Астанада Кыргызстанга гуманитардык жардам көргөзүү маселеси боюнча жыйында билдирген. Казак өкмөтүнүн биринчи вице- премьери Умирзак Шукеевдин айтымында, кошумча өткөөл бекеттерди ачуу маселеси азыр кыргыз тарап менен талкууланууда жана чечим жакынкы күндөрү чыгат. Казак вице- премьер министри белгилегендей, Кыргызстан менен чек арада 12 өткөөл бекет болгон. Азыр анын үчөөсү гана иштөөдө. Быйыл 7- апрелдеги окуялардан кийин Казакстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу түрдө толук жапкан болчу. Чек арадагы негизги өткөөл бекеттер кыргыз тараптан кайрылуулар менен катар нааразылык да күчөгөн соң 20-майдан тарта гана айрым чектөөлөр менен иштей баштаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG