Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Ж.Жекшеев: Июндагы окуя алдын ала даярдалган


Ош жана Жалал-Абадда болгон кандуу калабаны иликтөөгө алган Улуттук комиссия маалымат жыйын өткөрүп, анда окуя алдын-ала кылдат даярдалганы айтылды. Комиссия мүчөсү Жыпар Жекшеев окуя башталганга чейин эле Ош аймагына чет элдик журналисттердин келе баштаганын белгилеп, алардын ким тарабынан катталып, кандай материалдарды бергени учурда иликтенип жатканын айтты.

Мындан сырткары Ош шаарында айрым үйлөрдүн үстүнө боёк менен “SOS” деген белги коюлганы, бул аба аракетине ылайыкташканы айтылды. Иликтөөдө ушул үчүн эле 15 тонна боёк, 1,5 млн. сом каражат жумшалганы аныкталган. “Мен түштүктөгү окуяларды геноцид, ал тургай этникалар ортосундагы жаңжал дегенге да кошулбаймын. Болгону айрым К.Батыров, И.Абдрасулов, А.Салахутдинов жана башкаларга окшогондор тарабынан гана уюштурулган жаңжал. Бул жерде көптөгөн социалдык маселелер бар. Болгону алар кырдаалды пайдаланып кетишти”, - дейт Ж.Жекшеев. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG