Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

А.Эркебаев: HRW уюмунун тартип коргоо органдарын айыптаганы негизсиз


Бул тууралуу июнь айында орун алган окуяны иликтөө, кесепеттерин аныктоо максатында түзүлгөн Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал эл аралык Human Rights Watch уюмунун түштүктөгү окуялар боюнча кечээ, 16-августта жарыялаган көлөмдүү баянынын бардыгы эле чындыкка дал келе бербесин кошумчалады. А.Эркебаев аталган уюмдун курал-жарактар элдин колуна өтүп кеткен деген билдирүүсүнө кошуларын, бирок тартип коргоо органдарын бир тараптуу күнөөлөгөн билидрүүлөрү негизсиз экенин белгиледи.

Ошондой эле комиссия төрагасы июнь айындагы кандуу калабадан кийин Ош жана Жалал-Абад аймактарынан 15-20 миңдей адам Орусияга жер которуп кеткендигин, алардын басымдуу бөлүгү өзбек тектүү адамдар экенин айтты.

Human Rights Watch уюмунун баяндамасында өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткенин айтылат. Ошондой эле тартип коргоо органдары өзбек коомчулугун тиешелүү деңгээлде коргоого албаганы белгиленип, өкмөттүн июндагы коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканын сындаган.

Уюм кыргыз бийлигин жана ушул жакта иштеп жаткан эл аралык уюмдарды бардык жарандардын укугун коргоого, чыр-чатактардын алдын алууга чараларды көрүүгө, ар кандай арыз, даттанууларга көз салып, кечиктирбей иликтөөгө, абактардагы кыйноолорду жана тандалма камакка алууларды токтотууга үндөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG