Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ооганстанда талиптер никесиз жыныстык катнашка барган деген түгөйдү ташбаранга алып өлтүрүштү


Бул жөнүндө түндүк Ооганстандагы Кундуз вилоятынын губернатору Мухаммад Омар кабарлады. Анын айтымында, 23 жаштагы кыз менен 28 жаштагы жигит буга чейин башка бирөөлөр менен никеде болушкан же аларды болуп коюшкан. Ошондуктан «ала жипти аттады» деп, талиптер аларды жекшембиде базарда ташбаранга алышты. Ушул айдын башында талиптер өлкөнүн батышында да бир кош бойлуу жесир аялды «башка бирөө менен жаткан» деп таш менен ургулап өтүрүшкөн эле. Президент Хамид Карзай муну «кечирилгис кылмыш» деп атап, ага күнөөлүү адамдарды жазага тартууну буйруду. Ооганстандагы адам укугун коргоо боюнча көзкарандысыз комиссиянын өкүлү Надер Надери муну «адамзатка каршы кылмыш» деп атады.

XS
SM
MD
LG