Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

“Жаңы Кыргызстан” партиясы “Бүтүн Кыргызстанга” кошулду


Бул туурасында «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, эки партия лидерлери жер-жерлердеги мүчөлөрү менен кеңешип-таңашкандан кийин ушундай чечимге токтолушту. Ошентип, алар алдыдагы парламенттик шайлоого чогуу аттанмакчы. Буга дейре «Бүтүн Кыргызстанга» «Эл арманы» саясий уюму бириккен эле. Аймактык төраганын айтымында, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров жетектеген партиянын райондордогу активисттерине жергиликтүү бийлик эмитен кысым көрсөтүп, а түгүл шайлоого катыштырбоонун аракетин көрүшүүдө.

Бирок Ош облустук бийлиги мындай маалыматты четке кагып, айрым партиялар үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап жиберишкендигин мыйзамды одоно бузуу катары эсептөөдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG