Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Өкмөт быйыл дыйкандардан буудайды 10 сомдон сатып алат


Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Моресбек Алымбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөт 40 тонна буудайды килограммын 10 сомдун тегерегинде сатып алууда. Ал эми күзгү буудайды эгүү боюнча тиешелүү орган, жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Ал эми күйүүчү, майлоочу май май-июнь айында кымбаттап кеткен. Учурда бардык жерде май жетиштүү. 3 миң тонна май 27 сомдон дыйкандарга берилип жатат. Ошондой эле Орусиядан келчү 20 миң тонна майдын биринчи партиясы келет деп күтүп жатабыз”, - деди М.Алымбеков.
Анткен менен аймактарда дыйкандар май кымбат болуп, жетишпей жатканын белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG