Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Жалал-Абадда набыт болгон милиционердин урматына мелдеш өтүүдө


Облустук ички иштер башкармасынын спорт залында милициянын 17 командасы спорттун беш түрү боюнча таймашууда. 17-августта башталган мелдештин жыйынтыгы 18- августта чыгарылат. Мелдеш 13-июнда милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун урматына уюштурулуп, анын байгесине Жалал-Абад шаардык мэриясы 30 миң сом каражат бөлүп берген. Базар-Коргон айылынын участкалык милиция башчысы М. Сулайманов кызматтык милдетин аткарып жүрүп, 13-июнда Ош – Бишкек жолундагы Кара-Үңкүр дарыясынын көпүрөсүнө топтолгон адамдар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген адамдардын кылмыш иши райондук сотко өткөрүлгөн. Ички иштер башкармасынын маалыматы боюнча май, июнь айларында облустагы баш аламандыктардын айынан үч милиционер набыт болуп, үчөө ишке жарабай, 147 милиционер жабыр тарткан. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG