Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

БШК үгүт иштери баштала элегин эскертти


Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштери баштала электигин эскертип, бардык саясий партияларга өздөрүнүн жарнамаларын шаар көчөлөрүндөгү такталардан, кермелерден, маалымат каражаттарынан алууну талап кылган билдирүү жасоодо. Маалыматка ылайык, үгүт иштери 10-сентябрда гана башталат жана ага чейин бир дагы маалымат каражаты кайсы бир саясий партия, алардын лидерлери, мүчөлөрү тууралуу маалыматарды таркатпашы, партиянын атын атабашы керек.

Эскертүүгө ылайык, аталган эрежени бузган маалымат каражаттарына үгүт иштерине катышуу боюнча аккредитация берилбейт жана мыйзам боюнча башка дагы жоопкерчилик тагылышы мүмкүн.

Шайлоо кодексинин 31-беренесине ылайык, үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тарта башталат. Бул жолу парламенттик шайлоого катышуучуларды каттоо мөөнөтү 10-сентябрда бүтөт. Ал эми үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат. (IJz)

XS
SM
MD
LG