Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Жалал-Абаддагы "Эл достугу" университетинин иши токтотулду


Аталган университеттин ишмердигин токтотуп, лицензиясын кайтарып алуу маселеси Билим берүү жана илим министринин ушул жуманын башында өткөн коллегясында чечилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталаган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, июнь айындагы улуттар аралык жаңжалда жабыркаган окуу жайдын 150 студенти Бишкектеги Медицина академиясына жана Кыргыз-Орус (Славян ) университетине котурулат. “Эл достугу” университетинде окуган айрым студенттер анын жоюлушуна наарзы пикирлерин билдирип жатышат. Ал эми министрлик аталган окуу жайдагы билим берүү ишмердиги лицензиялык нормативдик талаптарга жооп бербей келе жатканын белгилешүүдө.

Түштүктөгү коогалаң маалында бир нече мектеп талкаланып, Жалал-Абаддагы А.Батыров атындагы “Эл достугу” университети өрттөлгөн. Бул окуу жайда жалпысынын бир жарым миңге жакын студенттер билим алып келишкен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG