Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар тарады


Бишкектеги Ош базарында иштеген эки жүзгө чукул адам Киев жана Бейшеналиева көчөсүндөгү кичи дүкөндөрдүн алынып салынышына нааразы болуп бүгүн митингге чыгышкан. Алар президент Роза Отунбаеваны кабыл алуусун, Ош базарынын тегерегинде иштөөгө уруксат берүүсүн сурашкан болчу. Чогулгандар дүкөндөрдү алдырууга Ленин райондук администрациясы санкция бергендигин айтышууда. Азырынча аталган райондун бул тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Ал эми митингге чыккандар менен Бишкек шаарынын мэри Иса Өмуркулов жолугуп, аларга иштеп туруу үчүн бир жыл убакыт берилгенин кабарлады. Андан соң митингичилер тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG