Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Окуучулардын тамагына бөлүнгөн каражатты мугалимдердин айлыгына жумшоо пайдалуу болмок


Мындай сунушту Билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков бүгүн жаңы окуу жылына даярдыктарды талкуулаган “Ош – Бишкек – Жалал-Абад” телекөпүрө жыйынында билдирди. Министрдин белгилешинче, 1-4-класстар үчүн уюштурулган ысык тамак үчүн жалпысынан 450 млн. сом бөлүнөт. Бул ар бир окуучуга жети сомдон айланат. К.Сыдыков бул каражат мугалимдердин айлык акысын көтөрүүгө же окуу куралдарын сатып алууга жумшалса пайдалуу болмок деп эсептээрин билдирди.

“Айрым ата-энелер бул тамактан санитардык шарттарга байланыштуу баш тартып жатышат. Андан сырткары продуктуларды сатып алууда коррупциялык элементтер аралашып кетип жатат”, - деди К.Сыдыков. Маалыматка ылайык, тамакка керектөөсү бар окуучулардын тизмеси такталып, тамак ошолорго гана берилиши мүмкүн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG