Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Пакистанга суу ташкындын масштабын донорлор түшүнүштү


Пакистандагы суу ташкындан жабыркаган адамдарга зарыл 469 миллион доллардын теңи даяр экенин Улуттар Уюму маалымдады. Уюмдун Исламабаддагы бөлүмүнүн өкүлү Мауризио Жулианонун сөзүнчө, донорлор акыр аягында табигый апааттын масштабын түшүнүшкөн.

Соңку ондогон жылдардагы эң катуу апааттан 1600 адам набыт болуп, 20 миллиондой адам жабыр тартты. ЮНИСЕФтин Түштүк Азия боюнча директору Даниэл Тул Пакистандагы суу ташкын жөнүндө мындай деп билдирди:

-Жүздөгөн же миңдеген эмес, миллиондогон аялдар менен балдардын өмүрү коркунучта. Өтө оор шартта жашаган аялдар менен балдар жугуштуу оорууларга туруштук беришпейт.

Дүйнө өлкөлөрү Пакистандагы жаратылыш кырсыгына өтө жай жардамдашууда деп сындалды. Кээ бир донорлор каражат бийликтеги жемсөөлүктөн улам калкка жетпейт, исламчылардын колуна түшүп калат дешип, жардам бөлбөй жаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG